03

Февраль

2012

Бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдын жетекчилиги астында калк жыш жайгашкан пункттарда жана республикалык маанидеги автожолдордо видеобайкоо системасын орнотуу, жолдордо коопсуздук жана тартипти оптималдык түрдө камсыз кылуу, ички иштер министрлигине келип түшкөн арыздардын каралуу маселелерине көз салып туруу үчүн жарандарга шарт түзүп берүү суроолору каралды. Бул багыттардын баары 3 жылга эсептелген «Коопсуз шаар» программасынын компоненттери болуп эсептелет. Аталган программаны Бишкек шаарында гана иш жүзүнө ашыруу үчүн 3 млрд. сом керектелет. Ал эми видео байкоо системасын орнотуунун биринчи этабын баштоого 25 млн. АКШ доллары керектелет. Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржы маселесин чечүүнүн үстүндө иштөөдө, ошондой эле эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. «Өкмөт өзүнүн программасында коррупция менен болгон күрөштө укук коргоо органдарын, анын ичинде мамлекеттик автоинспекциясын реформалоо маанилүү багыт деп белгилеген. Бул тармакты реформалоонун астында эң негизгиси тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүү керек. Буга бир жума убакыт бөлөбүз», - деди ал. Ошондой эле МАИ менен Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы (ГУБДД) биригип, Жол күзөт кызматы түзүлө тургандыгы айтылды. Вице-премьер-министр калк жыш жайгашкан пункттарда жана республикалык маанидеги автожолдордо видео байкоо системасын орнотуу бул тармактагы паракорчулукту көмүскөдөн чыгарууга көмөкчү болооруна ишенээрин билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү