22

Март

2012

Талас облусунда эки күндүк жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Талас районуна караштуу Арал жана Көпүрө-Базар айылдарынын жашоочулары менен жолугуп, аларга Өкмөттүн иши туурасында айтып берди. Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргызстандын экономикасынын тез арада өсүшү жана элдин жашоо-шартынын жакшырышы үчүн тоо-кен тармагын көтөрүү керек. Ж.Оторбаев буга чейин тоо-кен чөйрөсүндө коррупциялык схемалар иштеп келгендигин белгилеп өттү. Вице-премьер-министр бир катар мыйзам долбоорлору иштелип чыккандыгын жана алардын катарында “Тоо-кен жөнүндө”, Жер жана Салык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, “Салыктык эмес төлөөлөр жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору бар экендигин айтты. Ошондой эле  “Концессия жөнүндө”, “Тоо концессиясы жөнүндө” жана “Продукцияларды бөлүү жөнүндө келишимдер” аттуу нормативдик-укуктук актылар да каралган. “Өкмөт өзүнүн акыркы отурумунда бир канча документтерди кабыл алып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Мыйзам долбоорлоруна көп жаңы эрежелер киргизилген. Мисалы, жер астындагы байлыктарды иштеткенден түшкөн  роялтинин 50 пайызы жергиликтүү бийликке кала турган болот”, - деди Ж.Оторбаев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү