20
Апрель
2012
2012-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк Банктын жана Эл аралык валюта фондунун жазгы сессиясынын жыйынын алкагында Дүйнөлүк Банктын башкаруучу директору Шри Мульяни Индровати айым менен жолукту.
Вице премьер-министр Кыргыз Өкмөтүнүн өлкөдөгү демократияны чыңдоо жана башталган экономикалык реформалар, 100-күндүк иш чаралар тууралуу айтып берди. Мындан сырткары Өкмөттүн коррупция менен баштаган күрөшү жана республикадагы инвестициялык жагдайды жакшыртуу маселелери баса белгиленди.
Ж.Оторбаев Кыргызстан үчүн приоритеттүү долбоорлорун иш жүзүнө ашырууда Дүйнөлүк Банктын колдоосун күтөөрүн айтты.
Шри Мульяни Индровати Кыргыз Өкмөтүнүн баштаган реформаларын колдоорун айтып, Дүйнөлүк Банкка экономика тармагындагы долбоорлор тууралуу кененирээк маалыматтарды берүүсүн өтүндү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү