09

Февраль

2012

Бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) тышки иштер министринин атайын өкүлү Халид Ганим Аль Гайс жетектеген делегация менен жолугушту. Вице-премьер-министр Fly Dubai авиакомпаниясы тарабынан «Дубай–Бишкек–Дубай» аба каттамынын ачылышын канааттануу менен белгиледи. Үзгүлтүксүз түз каттамдар жумасына эки жолу болуп турат. “Туруктуу аба каттамдары эки тараптуу кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат жана бизнес коомчулуктарын бири бирине жакындатат”, - деди Ж.Оторбаев. Вице-премьер-министр БАЭнин экономикалык ийгиликтерин баса белгилеп, Кыргызстанда ыңгайлуу инвестициялык шарттарды түзүү максатында араб модели менен таанышып чыгуунун зарылдыгын айтты. “Учурда өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү нормативдик укуктук актылардын үстүнөн иш алып барып жатат. Ошондуктан Бириккен Араб Эмираттары менен тажрыйба алмашууну баштоо маанилүү”- деди Ж.Оторбаев. Вице-премьер-министр Абу-Даби Фондунун «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолун реконструкциялоо боюнча долбоорго катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Инфраструктураны өнүктүрүү - Өкмөттүн приоритеттүү багыты”, - деп билдирди ал. Ж.Оторбаев эки өлкөнүн бизнесмендери ортосунда Ишкер Кеңешин түзүүнү, эки мамлекетте салык төлөө болбос үчүн келишимдерге кол коюу жана инвестицияларды коргоону сунуштады. Эмират делегациясынын башчысы Халид Ганим Аль Гайс жылуу кабыл алынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, «Дубай–Бишкек–Дубай» үзгүлтүксүз аба каттамынын ачылышы соода-экономикалык кызматташтык мүмкүнчүлүгүн мындан да кеңейте тургандыгына ишеничин билдирди. Халид Ганим Аль Гайс кыскача БАЭнин инвестициялык саясаты жөнүндө айтып берип, вице-премьер-министрдин Ишкер Кеңешин жана нормативдик укуктун актыларды жакшыртуу сунуштарын колдоду. Жолугушуу учурунда жакын арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БАЭнин ортосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча план кабыл алынып, ага жогорку деңгээлде боло турган расмий визиттердин биринде кол коюлаары айтылды. БАЭнин атайын өкүлү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн реформатордук пландарын колдоорун белгилеп, жогоруда айтылган демилгелерди реализациялоодо Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн айтты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү