16
Апрель
2012
Бүгүн,16-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев бир күндүк иш сапары менен Швейцарияга жөнөп кетти.
Иш сапардын алкагында вице-премьер-министр Ж.Оторбаев Швейцария Конфедерациясынын Президенти Э.Видмер-Шлумпф мырза, экономика боюнча мамлекеттик катчы М.Инайхен-Фляйш мырза, Өнүктүрүү жана кызматташтык швейцариялык агенттигинин башкы директору М.Дахинден мырза менен жолугушуусы пландаштырылууда.
Сүйлөшүүлөр учурунда Ж.Оторбаев соода-инвестиция жана каржы-техникалык тармактардагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкууламакчы жана ошондой эле Бреттонвуддук каржы институттарынын алкагындагы кыргыз-швейцариялык өз ара байланыштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү