04
Февраль
2012
2012-жылдын 4-февралында КР вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова Чүй областындагы билим берүү мекемелерине барып, радиоактивдүү көмүрлөрдү чыгарып кетүү иши менен таанышты.
Көмүрдү жүктөө иши Чүй районунун Онбир-Жылга айылынан башталды. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун айтуусу боюнча ууланган көмүрдү чыгарып кетүү иши радиоактивдүү материалдарды ташып чыгарууга лицензиясы бар жеке компания иш алып барууда. Бардыгы болуп 16 социалдык мекемеден 710 тонна көмүр Бишкектеги ЖЭБге жеткизилет. Бардык көлөм 2012-жылдын 10-февралына чыгарылып кетерин кошумчалады.
Журналисттердин суроосуна жооп берип жаткан вице-премьер-министр Г.Асымбекова, ууланган көмүрдү киргизүү боюнча тергөө иштери аягына чыга электигин билдирип, күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартыларын ишеничтүү айтты.
Андан соң Г.Асымбекова Ысык-Ата районундагы Нижне-Серафимовка айылындагы үй-интернатына жана Токмок шаарындагы “Бакыт” балдар бакчасына барды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү