07
Февраль
2012
2012-жылдын 7-февралында КР вице-премьер-министри Гулнара Асымбекованын төрагалыгы алдында Маданият жана туризм министрлигинин жылдын жыйынтыгы жана 2012-жылга карата перспективалык планга арналган коллегиясынын отуруму өттү.
Өз сөзүндө Гүлнара Асымбекова өлкөдө чоң масштабдуу реформалар коомдук-саясий, социалдык жана мамлекетти башкаруу чөйрөлөрүндө өтүп жаткандыгын белгилеп кетти.
«Бүгүнкү күндө маданият жана искусство жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүп жаткан Министрлик туризм тармагында өнүгүүнү камсыз кылышы керек. Министрликтин алдында бул тармактардын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн нормативдик-укуктук базасын системалуу иштеп чыгуусу, анын ишинин негизин түптөөсү керек”, — деди Г.Асымбекова.
Г.Асымбекованын сөзүнө караганда, Өкмөттүн мамлекет менен жеке өнөктөштүктү колдоого ниети бар. Бул жерде мамлекеттин ролу бул тармактын ийгиликтүү өнүгүшүнө шарт түзүп берүүдө болуш керек.
Вице-премьер-министр жыйындын катышуучуларынын көңүлүн жаштарды, креативдүү ой жүгүрткөндөрдү колдоонун жана ишке тартуунун зарылдыгына бурду. «Ошондой эле маданият мекемелеринин жетекчилеринин кесипкөйлүгүнөн, инновацияларга умтулуусунан көп нерсе көз каранды болот. Бүгүнкү күнү жетекчилер замандын жаңы талаптарына ылайык иш алпарышы керек”, - деди Г.Асымбекова.
Ошондой эле коллегиянын отурумда жасалган иштер боюнча жана 2012-жылына карата пландар тууралуу доклад жасалды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү