02

Февраль

2012

Бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гульнара Асымбекова Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкө боюнча директору Рие Хираоки менен жолугушту. Жолугушууда тараптар кызматташтык боюнча маселелерди талкуулашты, анын ичинде, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы АӨБ ишке ашырып жаткан долбоорлор боюнча сөз болду. Вице-премьер-министр АӨБ бул эки багытта Кыргызстанга орчундуу жардам көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, мындан ары да жемиштүү иштешебиз деген ниетин билдирди. “Билим берүү жааты – бул Өкмөттүн программасындагы маанилүү багыттардын бири”, - деди Г.Асымбекова. Ошондой эле Өкмөт жакынкы арада бир нече тематикалык форумдарды өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгы айтылып, алар мектептеги окутуу, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүү системаларын реформалоого арнала тургандыгы белгиленди. Бул талкууларга баардык кызыккан тараптар, анын ичинде АӨБ дагы катышуусу күтүлүүдө. “Кайсы гана маселе болбосун, аны чечүү үчүн талкуу талап кылынат жана Өкмөт аларды карап чыгууга даяр. Форумдардын жыйынтыгында коюлган маселерди чечүүдө жалпы пикирге келебиз деп ойлойм”, - деди Г.Асымбекова. Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкө боюнча директору Рие Хираоки жолугушуу учурунда АӨБ Кыргызстанда ишке ашырган программалар туурасында сөз кылды. Ал белгилегендей, АӨБ азыркы учурда мектеп жана кесиптик-техникалык окутуу боюнча долбоорлорду, анын ичинде “Билим берүү боюнча экинчи долбоорду” да ишке ашырылып жатат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү