20

Сентябрь

2012

Бүгүн, 19-сентябрда, Жалал-Абад жана Ош областтарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Жалал-Абад облусундагы бир нече социалдык мекемелерге барып келди. Иш күндүн биринчи жарымында К.Талиева Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндөгү салынып жаткан оорукананын курулуш иштери менен таанышты. Салынып жаткан имарат менен танышуу учурунда райондун жетекчилиги тарабынан бул ооруканага медициналык жабдууларды сатып алууга 5 млн. сом бөлүп берүү сунушу айтылды. Вице-премьер-министр бул маселени Өкмөттүн деңгээлине көтөрөрүн айтты. Вице-премьер-министр Жалал-Абад облусунун төрөт үйү жана облустук биргелешкен ооруканасында болуп, алардын чечилбей жаткан маселелери менен таанышып чыкты. Күндүн экинчи бөлүгүндө К.Талиева Сузак районундагы Таш-Булак айылындагы күндүзгү «Ариет» мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборунда болду. Андан соң Ырыс айыл өкмөтүндөгү курулуп жаткан №34 жана №44 орто мектептеринин имараттары менен таанышып чыкты. Ошондой эле Базар-Коргон районундагы Ж.Боконбаев атындагы интернат-гимназиясынын имаратынын акыбалы жана окуу процесси менен таанышып чыкты. Карача айылынын №18 орто мектебинин селден жабыркаган аш канасынын карап чыкты. Вице-премьер-министр Кеңеш айыл өкмөтүндө жаңы салынып жаткан балдар бакчасынын имараты менен таанышып, андан соң жаштар уюмдарынын лидерлери менен жолугуп, жаштар саясаты, аймактагы жаштардын проблемалары жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү