
Бүгүн, 13-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Республикалык дерматовенерология борборунда, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында, ошондой эле Улуттук госпиталдын ангионеврология бөлүмүндө болду. Аны саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери коштоп жүрүштү.
Республикалык дерматовенерология борборун көрүп жатып, саламаттык сактоо министри Динара Сагимбаева, бул борбордун имараты 1952-жылы курулганын айтып, азыркы күндө аны эксплуатациялоодо кыйынчылыктар туулуп жатканын белгилеп кетти.

Андан соң вице-премьер-министр Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын лаборатория, реанимациялык жана балдар бөлүмдөрүнүн иши менен тааны
шып чыкты. Клиниканын башкы дарыгери Гульжигит Аалиевдин маалыматына караганда бүгүнкү күнү имараттардын көпчүлүгү 1950-1960-жылдары салынгандыгына байланыштуу аларды оңдоп-түзөө ыңгайсыз экендигин айтты. Медициналык жана лабораториялык жабдуулар жетишпестиги курч бойдон кала бергендиги айтылды.
Өз учурунда вице-премьер-министр саламаттык сактоо министрлигине Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына жаңы корпус салуу боюнча Өкмөткө сунуш киргизүүнү тапшырды.
Ошондой эле К.Талиева Улуттук госпиталдын ангионеврология бөлүмүндө болду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү