21

Сентябрь

2012

20-сентябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева иш сапарынын алкагында Ош облусунун бир нече ден-соолуктуу чыңдоо мекемелерине барды. Бир күн мурун К.Талиева Жалал-Абад облусунун бир катар социалдык мекемелеринде болгон.

Вице-премьер-министр Ош шаарындагы №9 “Рудаки” орто мектебинин имаратында жайгашкан мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун иши менен таанышты. Андан соң Ош облусунун биргелешкен оруканасында, Ош шаарынын жаш балдар инфекциялык бөлүмү жана облустук кан борборунда болду.

К.Талиева ошондой эле Ош шаардык инфекциялык ооруканасына, Кара-Суу райондук ооруканасына жана Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Тынчтык айылынындагы карылар үйүнө барып келди.

Иш сапарынын аягында К.Талиева Ош облусунун жаштар уюмдарынын жетекчилери менен жолугушту.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү