11
Сентябрь
Бүгүн, 11-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Бишкек шаарынын Эне-Сай конушунун №21 орто мектебине барды. Вице-премьер-министр окуу бөлмөлөрүн, спорт жана жыйналыш өткөрүү залдарын, ашкана жана мектепке тиешелүү территориясынын абалы менен таанышып чыкты.
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгуль Усубакунованын маалыматына ылайык бүгүнкү күндө ЖЧК «ЖБИ-Сервис» мектепти курууда техникалык жана курулуш регламенттерин бузгандыгына байланыштуу имарат эксплуатацияга тапшырылган эмес. Бул мектепти курган уюм Бишкек шаарынын мэриясына 13 млн. сом дебитордук карыз, бул маселе боюнча соттук териштирүүлөр өтүп жатат.
Оз кезегинде Вице-премьер-министр маселени өз көзөмөлүнө алаарын белгилеп кетти. “Ушундай ынсабы жок куруучу компаниялардын азабынан мындай көрүнүшкө ээ болдук. Биздин балдарыбызга мындай мамиле жасоого болбойт”, - деди К.Талиева.
Бул мектептин абалы менен таанышуунун жыйынтыгында К.Талиева тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселелер боюнча деталдуу жыйынтык даярдоо тапшырмасын берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү