15

Сентябрь

2012

Бүгүн, 14-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасынын азрети муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиевди кабыл алды. Жолугушуунун алкагында вице-премьер-министр мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан конфессиялар арасындагы ынтымакты бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө маалымат алды. Ошондой эле Дин башкармалыгынын ишин мындан ары жакшыртуу маселелери талкууланды. «Кыргызстан - бул көп конфессиялуу мамлекет. Ошондуктан диндер арасындагы ынтымакты жана тынчтыкты сактоо мамлекеттин эң негизги максаттарынын бири. Кыргыз Өкмөтү мындан ары да да мусулмандардын дин башкармалыгы менен бирдикте диндер арасындагы тынчтыкты сактоо жана коомубуздун руханий тазалыгын арттыруу багытында жемиштүү иш жүргүзө берет», — деди К.Талиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү