24
Сентябрь
Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева классикалык балет бийинин теңдешсиз чебери, залкар инсан, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин айкелинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Өз сөзүндө вице-премьер-министр Чолпонбек Базарбаев өзүнүн эмгеги менен улуттук театралдык жана хореографиялык искусствонун калыптанышына, Кыргызстан элдеринин руханий мурасын сактоого жана өнүгүшүнө зор салымын кошкондугун айтты. Ошондой эле дүйнөлүк балет искусствосуна өтө зор эмгеги сиңирген, бул жөнүндө Ч.Базарбаевдин көптөгөн спектаклдердеги жаркын образдары айгинелеп тургандыгын белгилеп кетти. «Ушул эстелик Чолпонбек Базарбаевдин жаркын элесин дайыма биздин жүрөгүбүздөн түнөк алып, анын калтырып кеткен чыгармачылык мурастары бизге жана жаш муундарыбызга түбөлүк үлгү болуп калат деп сыймыктануу менен айта алабыз!», - деди К.Талиева.
Өз кезегинде балетмейстердин жубайы Надежда Базарбаева бул монументти тургузууга өз жардамын бергендерге, анын ичинде КР Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирип кетти.
Маалымат катарында: Эстелик К.Тыныстанов жана А.Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аллеясында орнотулган. Архитектору – Султанов Сапарбек, скульптору - Огобаев Марат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү