04

Октябрь

2012

Бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөрүлгөн салтанаттуу чогулушка катышты.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр педагогдор коом турмушунда орду чоң экенин белгиледи. «Педагог жигердүү катышпаса билим берүү тармагындагы реформа оң натыйжа бербейт. Ошондуктан мамлекетибиздин эртеңки келечеги бүгүн Сиздерге байланыштуу», - деди К.Талиева жана билим берүү кызматкерлерине чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгилик каалады.

Вице-премьер-министр ошондой эле билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын, билим берүү системасын жакшыртуу жаатында Өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Андан соң К.Талиева “Кыргыз Республикасынын социалдык-гуманитардык өнүгүүсүнө кошкон орчундуу салымы үчүн,  ошондой эле, Мугалимдердин кесиптик майрамынын урматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталарын тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү