14
Сентябрь
2012
Бүгүн, 14-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин жетекчилиги жана борбордук аппараттын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр министрликтен мектептердеги карактоолорго каршы профилактикалык иштерин күчөтүүнү талап кылды. «Кече күнкү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 10-11-класстарынын окуучуларынын ортосундагы окуядан бир бала каза тапты. Бул алдын алуу иштери тиешелүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес дегенди билдирет», - деди К.Талиева. Ушуга байланыштуу вице-премьер-министр министирликтин жетекчилигине кыска мөөнөттө мектептердеги карактоолорго каршы алдын алуу иштердин так планын түзүп, ар бир мектепте, өзгөчө Базар-Коргон районунда тиешелүү иш жүргүзүүнү тапшырды.
Вице-премьер-министр ошондой эле ички миграция жана аймактарда жаштарды жумуш менен камсыз кылуу маселелерин көтөрдү. «Алыскы райондордон чоң шаарларга, өзгөчө Бишкеке көчүп келип жаткан мигранттардын көптүгүнөн, азыркы күнү биз чоң проблемага кабылып жатабыз. Мисалы, энелердин жана ымыркайлардын өлүмү көбөйүп баратат. Жаш энелер каттоого тура албай, кайда кайрыларын билбей жатышат. Ошондон улам алардын арасында төрөттөн кыйналгандар көп болуп жатат»,- деп белгиледи К.Талиева. Ошондой эле ал калк арасында ушул маселелер боюнча маалымат таратууну күчөтүүнү талап кылды.
Вице-премьер-министр К. Талиева министрликтин кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү