08
Октябрь
2012
Бүгүн, 8-октябрь күнү, Вице-премьер-министр Камила Талиева Маданият жана туризм министрлигинин жетекчилиги, борбордук аппараттын жамааты жана министрликтин алдындагы мекемелердин жамааттары менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жыйында вице-премьер-министр, министрликтин аймактардагы иштери жөнүндө маселе көтөрдү. Айыл аймактарындагы клубдардын матералдык-техникалык базасын чыңдоо, айылдык жана райондук китепканаларды жаңы көркөм адабияттар менен толуктоо тууралуу сөз болду. “ Маданий мурасты сактоо мамлекеттин калыптанышында маанилүү роль ойнойт. Биз бул секторго негизги көңүлүбүздү бурушубуз керек”,- деди К. Талиева.
Өз кезегинде, министрликтин борбордук аппараттынын кызматчылары маданият жаатындагы кызматкерлердин айлык акыларынын өтө аз экендиктери тууралуу маселени айтышты. Вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик кызматкерлердин тагыраак айтканда, социалдык сектордогу кызматчылардын, анын ичинде Маданият жана туризм министрлигинин борбордук аппартынын кызматчыларынын айлык акыларынын жогорулашы тууралуу Өкмөт 2013-жылдын бюджетинин алкагында карай тургандыгын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө, маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов министрликтин маданият жана туризм жаатындагы аткарыла турган иш пландары, ошондой эле жыл сайын 2-ноябрь күнү белгиленчү Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата даярдыктары тууралуу маалымат берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү