18
Сентябрь
2012
Бүгүн, 17 сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Европа биримдигинин бюджетти колдоо долбоорунун жетекчиси Себастиян Дюбост жана социалдык коргоо боюнча эксперт-консультант Жаклин Делару менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар 2012-2014-жылдарда интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону ыңгайлаштыруу Планын ишке ашыруу, бул Планды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү маселелерин талкуулашты.
Вице-премьер-министр С.Дюбостко бул багытта колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазычылык билдирип, балдар мекемелери тармагын реформалоо Өкмөттүн алдында турган эң негизги маселелердин бири экендигин белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү