02

Май

2012

Кыргызстандын вице премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кореянын мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук министри Мен Хён-гю менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинен электрондук өкмөт, мамлекеттик сатып алуулар жана айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кореялык меймандар электрондук өкмөттү киргизүүгө, айыл чарба райондорун өнүктүрүүгө жардам берүүгө жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдиришти. Кореянын министри өз өлкөсүндөгү “жаңы айыл” кыймылынын тажрыйбасы менен таанышууну сунуштады. “Аталган кыймылдын аракети менен өткөн кылымдын 60-жылдары Кореянын айылдарынын инфраструктурасы толук оңдолгон”, - деп белгиледи министр Мен Хён-гю.

Мындан тышкары, вице премьер-министр Кореянын премьер-министринин эл аралык мамилелер боюнча кеңешчиси Но Кван Иль жана кореялык ишкерлер менен жолугушуп, эки тараптуу экономикалык алаканы бекемдөө, Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайына каражат салуу, туризмди өнүктүрүү жана “Тамчы” аэропортун калыбына келтирүү жана башка маселелерди талкуулады.