12
Сентябрь
2012
Бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Бишкек шаарынын карылар үй-интернатында болду.
Ал медициналык бөлмөлөр, тамак-аш жасоочу жана кир жуучу, эс алуучу жайлар жана и кол өнөрчүлүк бөлмөлөрдүн абалы менен таанышып чыкты. «Эң биринчиден биз улуу муунга камкордук көрүшүбүз керек, тагдырга байланыштуу ушул мекемелерде жашагандарга өзгөчө мамиле кылуубуз абзел», - деди К.Талиева.
Интернаттын жашоочулары вице-премьер-министрге мекемеге тиешелүү болгон жерге мечитти салуу маселесин чечип берүүсүн суранышты. Өз кезегинде К.Талиева бул маселени өзүнүн көзөмөлүнө алаарын белгиледи. «Аксакалдарыбыздын руханий дүйнөсү, материалдык негизден кем эмес. Биз бул маселени оңунан чечүүгө бардык аракетибизди жумшайбыз», - деп толуктады К.Талиева.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр мамлекеттик органдарга карылар үй-интернатында жашагандарга медикаменттер жана дары-дармектерге бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттар боюнча маалыматтарды топтоп берүүсүн талап кылды. Ошондой эле интернаттын китеп канасынын фондун жаңы китептер менен толуктоо жана жашоочулар сураган гезиттер менен камсыздоо маселесин чечип берүү боюнча тапшырма берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү