02

Ноябрь

2012

1- ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев жумушчу иш сапары менен Нарын областында болду.

Жумушчу иш сапардын алкагында Тайырбек Сарпашев Нарын шаарынын борбордук аянтында өткөн айыл-чарба көргөзмөсүнө катышуу менен областагы өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын көрүп, сатып алуучу кардарлар менен баарлашып, дыйкан, фермерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айыл-чарба продукциясын өндөрүүчүлөргө жакынкы аралыкта көрсөтүлө турган жардамдар туурасында маалымдады. Андан соң, Вице-премьер-министр М.Субагожоев атындагы Кыргыз-Түрк лицейинин спорттук залынын ачылышына катышып, Нарын шаарындагы көмүр топтоочу базадагы кышка даярдык менен таанышты. Лицейдеги спорт залдын ачылыш аземинен кийин Нарын областынын стоматологиялык поликлиникасы менен, А.Молдоев жана Шералиев көчөлөрүнүн реконструкциялык иштерин көрүп чыкты. Азыркы күндө поликлиникада жана көчөлөрдө калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. Жумушчу иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов менен бирге жеригилктүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча өткөн областтык штабдын жыйынына катышты. Жыйында Вице-премьер-министр жергиликтүү чиновниктерге таза, ачык шайлоо өткөрүүгө маани берүү керектигин белгиледи. “Таза, ачык шайлоо өткөрүү кимдир бирөөнүн көргөзмөсү эмес, бүгүнкү күндүн талабы экенин ар бирибиз билишибиз керек. Бийлик шайлоого катышкан баардык партиялардын талапкерлерине бирдей шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Ошондуктан аракеттеги мыйзамды толук сактап, административдик ресурсту пайдаланууга жол бербөө зарыл. Шайлоо таза, ачык өтсө, жыйынтыгы эч кандай күмөн саноолорду жана ар кандай шектенүүлөрдү туудурбайт” деп айтты. Мындан сырткары Тайырбек Сарпашев 2 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан “Эң мыкты айыл өкмөтү-2012” сынагынын жыйынтыктоочу бөлүгүнө катышты. Бул сынакка беш райондон 10 айыл өкмөтү катышып, Гран-прини Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтү жеңүүчүсү болуп, башкы байге «Honda Odysseus» автоунаасы тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү