09
Ноябрь
Бүгүн, 9-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Эл аралык валюталык фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Департаментинин директору Масуд Ахмедди кабыл алды.
Кабыл алууда Тайырбек Сарпашев Эл аралык валюталык фондуна экономикалык реформалардын жылышына карата көргөзүп жаткан жардамына жана кызматташтыгына ыраазычылык билидирди. «Азыркы күндөгү экономикалык абалды айтсак, жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 1,8 пайызды түзөт. Учурда инфляциянын темпи өтө деле жогору эмес. 10 айдын ичинде 5% га жетти, жыл аягына чейин өсүп кетет деген божомолдорубуз жок. Дефицитти жоюуу үчүн биз республикалык бюджетке секвестирование жасадык. Мындай чыгымдарды кыскартуу социалдык тармакка тийиштүү эмес», – деп Вице-премьер-министр баса белгиледи.
Масуд Ахмед Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билидирүү менен, Эл аралык валюталык фонду Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү багытында жардамдарын көрсөтө берерин билдирди. «Экономиканын бир катар тармактары структуралык реформага муктаж деп эсептейм. Эгерде алар ийгиликтүү болсо өлкөңөрдүн макроэкономикасынын өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Биз бул маселенин алкагында техникалык жардамдарды берүүгө даярбыз», — деп Эл аралык валюталык фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Департаментинин директору Масуд Ахмед айтты.
Меймандын суроолоруна жооп берип жатып, Тайырбек Сарпашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык системасындагы ишти жакшыртууга байланыштуу административтик реформалоо ишин улантууну көздөп жактандыгын айтты.
Жолугушуунун акырында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө коюлган маселелердин бардыгы тараптарга ыңгайлуу болгондой чечимдер менен аяктап, өз ара кызматташтыктыкты өркүндөтүү, инвестициялык климатты жакшыртуу менен кыргызстандыктардын турмуш деңгээлин көтөрүүнү колго алуу макулдашылды.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү