04
Октябрь
2012
Бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев «ЭлТР» телекомпаниясы «Айтыш» коодук фондусу менен биргелешип уюштурган "Манасчы" эл аралык конкурсунун катышуучулары менен жолугушту.
Тайырбек Сарпашев кыргыз элинин “Манас” эпосу баш болгон руханий жана маданий мурасын сактоонун маанилүү экендигин баса белгиледи. «Кыйын кезеңдерде манасчылардын чыгармачылыгынан жаралган Манастын образы элибизге күч-кубат берип келген. Азыр өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнүн жолдору тууралуу ар кимдин өз ою бар, бирок, Манас жөнүндө сөз болгондо, биз биргебиз», — деди ал
Өз кезегинде манасчылар Тайырбек Сарпашевге манасчыларды колдогондугу үчүн ыраазычылык билдиришти.
Сөз үстүндө манасчылар өздөрүнүн чыгармачылык жолунда кездешкен проблемалар жөнүндө айтышты. Тактап айтканда, алар маданият мекемелеринде манасчынын штаттык бирдиги жок экендигине токтолушту.
Тайырбек Сарпашев жолугушууга катышкандардын ой-пикирин уккандан соң Кыргыз Өкмөтү манасчылардын көйгөйлөрүн тез арада чечүүгө аракеттенерин билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү