22

Август

2016

Виктория Рыскелдиева Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн 22-августта, буйрукка кол койду. Ага ылайык Рыскелдиева Виктория Турарбековна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун директору болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү