24

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр А.Маматалиев Баткен облусундагы күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшүн көзөмөлдөп жана жергиликтүү тургундарды КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады

Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусундагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн көзөмөлгө алды.

Тактап айтканда, Баткен шаарынын көмүр менен камсыздалыш көрсөткүчү 34% барабар болсо, ал эми облустун көмүр менен камсыздалышы 63% түзөт.

Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун социалдык мекемелеринин кышка карата даярдыгы белгиленген графикке ылайык жүрүүдө. Алсак, билдим берүү обьектилери отун менен - 69%га, ал эми медициналык мекемелер – 89%, тургундар 77% камсыздалган.

А.Маматалиев белгилегендей, Лейлек районунда, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарында кыш мезгилине болгон даярдыктын көрсөткүчү жакшы.

Вице-премьер-министр белгилегендей, шахтыдагы көмүр баасы 6-7 миң сом, ал эми шаарда 11 миң сомго дейре жетет. Буга байланыштуу ал Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттигине Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жүргүзүү боюнча мамагенттикке аталган маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Андан соң вице-премьер-министр Баткен облусунун негизделгенине 15 жыл толгондугуна байланыштуу илимий-практикалык жыйынга катышты.

Иш-чара алкагында вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана жергиликтүү бизнес-уюм жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.

Анын иш-сапары Баткен шаарынын жылытуу мезгилине карата даярдыгы боюнча селектордук кеңешмеге катышуусу менен жыйынтыкталды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү