01

Июль

2015

Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин куткаруучулар күнү менен куттуктоосу

Урматтуу куткаруучулар!

         Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен ак дилибизден куттуктайбыз! Сиздерге, биринчи кезекте бекем ден соолук каалайбыз – ал сиздердин жашооңуздарда сөзсүз керек болот. Сиздер дайыма калк кызматында болуп, ар дайым постто тургандардын катарындасыздар. Сиздер бизди айттырбай келчү кырсыктан сактап, кандай учур болбосун жардамга келүүгө даярсыздар.

         Бүгүнкү күн өзүнүн маанилүүлүгү менен башка майрамдардан айырмаланып турат. Куткаруучулардын күнү – бул адамдарды урандылардын алдынан сууруп чыккан, жалындап күйгөн өрттү аралап адам өмүрүн аман алып калган же кокусунан тереңдикке түшүп кеткен, жардамга муктаж адамдарды жонуна көтөрүп чыккан, өз өмүрүн тобокелге салуу менен башкалардын өмүрүн сактаган баатырлардын күнү болуп саналат.

         Сиздер биздин сый-урматыбызга татыктуусуздар, сиздердин эрдигиңиздерге, өз өмүрүн башкалардыкынан бийик койгон адамдык сапатыңыздарга таазим кылып, сиздер менен сыймыктанабыз. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, байгерчилик, бакубат жашоо жана жеке жашооңуздарга бакыт-таалай каалайбыз.

         Сиздердин эң оор, түйшүктүү эмгегиңиздерге карабастан, жашооңуздарда жакшылыктар, кубанычтуу күндөр арбын болсун!

         Куткаруучулардын күнү кут болсун, ардактуу достор аш тяжелый труд, у вас будет масса поводов для радости!

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри                                                                                А.М.Маматалиев