16

Июнь

2015

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: «1916-жылкы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү зарыл»

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында 1916-жылкы окуяларга объективдүү тарыхый бааны иштеп чыгуу боюнча иштиктүү топтун кеңешмесин өткөрдү.

Белгилесек, аталган кеңешме КР Президентинин “1916-жылкы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы тууралуу” Жарлыгын аткаруу максатында Президенттик Аппараттын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен өз-ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаеванын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда өттү.

Тактап айтканда, Президенттин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 1916-жылкы окуялардын 100 жылдыгына карата иш-чараларды даярдоо жана өткөрүүдө төмөнкүлөрдү эске алуу тапшырылган:

- 1916-жылкы окуялардагы адамдардын массалык кырылган жерлериндеги калган сөөктөрдү жерге жашыруу үчүн бардык тийиштүү процедуралардын аткарылышы;

- 1916-жылкы окуяларда каза болгондордун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Бишкек шаарында жана сөөк жашырылган жайларда эстеликтерди орнотуу;

- КР Президентине караштуу Тарыхый илимдерди өнүктүрүү боюнча комиссиянын базасында 1916-жылкы окуяларга объективдүү тарыхый бааны иштеп чыгуу үчүн курамында окумуштуу тарыхчылар жана башка гуманитардык илим өкүлдөрү каралган иштиктүү топту түзүү, ошондой эле аталган тема боюнча илимий-практикалык жыйын өткөрүү;

- жарандык коомчулуктун жана ЖМК Кыргызстан элдеринин биримдигин чыңдоо, жарандык жана патриоттук көз-карашты жайылтуу демилгесин колдоого алуу.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр белгилегендей, 1916-жылкы кайгылуу окуялар Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт.

Ошондой эле белгилүү болгондой, Жарлыктын негизги максаты – 1916-жылкы окуяларга объективдүү тарыхый бааны иштеп чыгуу, өлкө тарыхындагы “ак тактарды жоюу”, жарандык жана патриоттук көз-карашта тарбиялоо.

“1916-жылкы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү зарыл. Бул биздин элдин тарыхы. Бардык кызыкдар мамлекеттик органдар аталган иш-чарага байланыштуу иш-чараларды өткөрүү жана ага даярдык көрүү пландарын аткарууга чоң жоопкерчилик менен мамиле кылуулары зарыл», — деп жыйынтыктады Абдырахман Маматалиев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү