17
Февраль
2015
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: «Диний экстремизмге каршы күрөшүүдө күч-аракетти бириктирүү зарыл»
Кечээ, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Талант Султановду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору вице-премьер-министрге институттун жүргүзүп жаткан талдоо-иликтөө иштери тууралуу маалымдап, диний экстремизмге каршы туруу боюнча иштерди тартуулап, ошондой эле актуалдуу маселелер боюнча алдыдагы иш-чаралар тууралуу айтып берди.
Өз кезегинде Абдырахман Маматалиев институт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баа берип, анын иликтөөлөрү жана сунуштары республикалык мамлекеттик органдардын ишинде пайдаланылып жаткандыгын белгиледи.
“Стратегиялык иликтөөлөр институтунун иликтөөлөр жыйынтыгы аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комплекстүү жана максаттуу багытталган ишин түзүүгө көмөк көрсөтүүдө. Диний экстремизмге каршы күрөшүүдө күч-аракетти бириктирүү зарыл», — деп белгиледи ал.
Жолугушуунун соңунда вице-премьер-министр белгилегендей, КР Өкмөтү стратегиялык иликтөөлөр институтунун демилгеси боюнча уюштурулган иш-чараларга тийиштүү көмөк көрсөтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү