16
Сентябрь
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: «Укук коргоо органдары калк алдында отчеттуу болушу керек»
Бүгүн, 16-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу укук тартиби тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги бешинчи жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Өкмөт Аппаратынын, министрлик жана ведомство өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары, эл аралык жана бейөкмөт уюм өкүлдөрү жана көзкарандысыз эксперттер катышты.
Иш-чараны ачууда Кеңеш төрагасы белгилегендей, КР Өкмөтү тараптан ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды бекитүүдө укук коргоо органдарын реформалоонун негизги принциптери жана багыттары аныкталган.
Абдырахман Маматалиев кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө карата көп иштер аткарылган, алдыга коюлган милдеттердин бөлүгү ийгиликтүү ишке ашырылган. Тактап айтканда, тездетилген сотко чейинки өндүрүш институту апробациядан өтүүдө, мамлекеттик-жеке шериктештик алкагында ишке киргизүү болжолдонуп жаткан “Коопсуз шаар” долбооруна тендер жарыяланган.
Абдырахман Маматалиев билдиргендей, алдыга коюлган пландардын бардыгы ишке ашырылган эмес.
“КР Өкмөтүнүн ички иштер органдарын реформалоо маселесиндеги аракеттери жарандык коом өкүлдөрү тараптан көбүнэсе акыйкат сынга туш болууда», — деди ал. Буга байланыштуу вице-премьер-министр калк тарабынан ички иштер органдарына карата ишеним деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралары кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Ички иштер органдарынын ишинин айкындуулугуна жетишүү максатында ал милиция ишмердүүлүгүнүн жаңы принциптерин киргизүүнү, мында социалдык шериктештик жана турукту жарандык көзөмөл тутумун түзүүгө басым жасоону сунуштады.
“Укук тартиби органдары калк алдында отчеттуу болуусу керек. Кесиптик даярдоо тутумун жаңыртуу, кадрдык курамдын компетенттүүлүгүн жана адискөйлүгүн жогорулатуу маанилүү иш-чаралар болушу тийиш» — деп белгиледи А. Маматалиев.
Андан соң жыйын жүрүшүндө “Ички иштер органдарынын жана жарандык сектордун өз-ара аракеттешүүсү жөнүндө”, “Социалдык шериктештик принциптерин киргизүүгө басым жасо аркылуу милиция ишин өзгөртүү”, “Ыкчам чеберчилик мектеби аркылуу профессионалдык ядрону уюштуруу” жана башка КР Мыйзам долбоорлорунун бетачары сунушталды.
“Реформалар жана натыйжалар үчүн” коомдук уюму “Ички иштер органын баалоо тутуму. Жаңы мамиле” аналитикалык материалын сунуштады.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев белгилегендей, “кеңеш жыйынында реформа жүрүшүн альтернативдүү баалоо факты жарандык коом менен диалогдун түзүлүшүнө далил болуп жана оңдуу көрүнүш болуп саналат».
Жыйынтыгында ал эл аралык жана бейөкмөт уюмдарга ички иштер органдарын ырааттуу реформалоого түздөн-түз катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары карай жемиштүү кызматташууну каалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү