02

Февраль

2015

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

3-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Иш сапарынын жүрүшүндө вице-премьер-министр бир катар күч блогуна тийиштүү обьектилердин иши менен таанышып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактын 2014-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-жылга карата пландарды бекитүү боюнча өткөрүлүүчү коллегиясынын ишине катышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү