16

Декабрь

2014

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев “Коомдук кабылдамага” жазылган жарандарды кабыл алды

Бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коомдук кабылдамасына” жазылган жарандарды кабыл алды.

Кабыл алуу учурунда вице-премьер-министр жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук тартибин сактоо, ошондой эле “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышына тийиштүү маселелерди чечүү үчүн жазылган жарандар менен жолугушту.

Абдырахман Маматалиев кабылдамага келген жарандарды угуп, бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев тарабынан жарыяланган “Ачык өкмөт” саясатынын алкагында тийиштүү мамлекеттик ведомстволорго жөнөтүлүп, көзөмөлгө алынаарын билдирди.

Белгилесек,”Коомдук кабылдаманын” графигине ылайык, ар-бир иш күнү жарандарды кабыл алуу жүргүзүлөт. Республиканын калкы өз кайрылууларын Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын жетекчисинин, анын орун басарларынын, бөлүм башчыларынын дарегине жөнөтүп, же жеке кабыл алуусуна жазылууга мүмкүндүгү бар.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү