17
Февраль
2015
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев “Коомдук кабылдамага” жазылган жарандарды кабыл алды
Бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын “Коомдук кабылдамасына” жазылган жарандарды кабыл алды.
Вице-премьер-министр кабыл алууда ишке орноштуруу, жарандардын коопсуздугуна жана укук тартибинин сакталышы маселесине тийиштүү жарандардын суроо-талабын укту.
Алсак, борбор тургуну, пенсионер Калдар Субанкулов вице-премьер-министрге ишке орноштуруу өтүнүчү менен кайрылды.
«Мен 72 жаштамын, пенсиядамын, иш болсо, андан качпайм, анткени өмүр бою эмгектенип көнгөн жанмын. Ал эми пенсионерлерди ишке албайт», — деген Калдар Субанкулов вице-премьер-министрден ишке орношууга көмөктөшүүсүн өтүнгөн.
Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, ал бул кайрылууну эске алат жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына аксакалды ишке орноштуруу мүмкүндүгүн карап көрүү тапшырмасын берди.
“Өкмөт пенсия өлчөмүн үстүбүздөгү жылдын күзүндө жогорулатууну пландаштырууда, пенсионерлер иш издеп көчөгө чыкпоосу керек. Алар татыктуу карылыкта жашоосу тийиш. Эгерде адамдын ден-соолугу иштөөгө мүмкүндүк берсе, анда биз алардын ишке орношуусуна көмөктөшүүгө милдеттүүбүз», — деп белгиледи Абдырахман Маматалиев.
Белгилесек, “Коомдук кабылдама” графигине ылайык, кабыл алуу иш күндөрү жүргүзүлөт. Республиканын калкы өз кайрылуусун жөнөтүп, же болбосо Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөт Аппаратынын жетекчисинин, анын орун басарларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бөлүм башчыларынын жеке кабылдамасына жазыла алат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү