03
Апрель
2015
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасындагы БУУӨП туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды
Бүгүн, 3-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору, БУУӨП туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды
Талкуунун негизги темасы катары эл аралык донорлор, анын катарында БУУӨП тарабынан чектеш аймактардагы коомчулук арасындагы кызматташууну жана өз-ара ишенимди жакшыртуу максатында иштелип чыккан “Туруктуу дүйнө жана өнүгүү үчүн чектеш кызматташуу” программасы талкууланды.
Жолугушууну ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУ орган жана институттары менен кызматташууга чоң маани берет.
Ошондой эле ал белгилегендей, улуттар аралык ынтымакты жана коңшулаш достукту чыңдоого багытталган “Туруктуу дүйнө жана өнүгүү үчүн чектеш кызматташуу” программасы өлкө Өкмөтү үчүн маанилүү эсептелет.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы БУУӨП туруктуу өкүлү Александр Аванесов белгилегендей, аталган долбоор 2013-жылкы чектеш аймактагы абалды талдоо негизинде иштелип чыккан.
«Программа көп тармактуу жана ведомство аралык мүнөзгө ээ, бул БУУ колдоосу аркылуу бийликке жана жергиликтүү коомчулукка чектеш райондордогу абалды көзөмөлгө алууга , орун алган чыңалууларга жана чыр-чатактарга колдон келишинче эртерээк жооп кайтарууга мүмкүндүк берет», — деди Александр Аванесов.
Вице-премьер-министр көрсөтүлгөн чаралар келечекте чектеш район тургундары ортосундагы чыңалуунун төмөндөшүнө шарт түзөөрүнө макул болду. Ал Кыргызстандагы БУУӨП туруктуу өкүлүнө долбоорду ишке ашырууда БУУ органдары менен тыгыз байланышта кызматташууга Өкмөттүн даярдыгы тууралуу билдирди.
Жыйынтыгында тараптар коомчулукка жана жарандык секторго “Туруктуу дүйнө жана өнүгүү үчүн чектеш кызматташуу” программасынын бетачарын сунуштоо чечимин кабыл алды.
[su_carousel source="media: 52810,52812,52814" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү