15
Октябрь
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев БУУ Борбордук Азия үчүн Адам укугу боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын убактылуу аймактык өкүлү Элизабет да Коштаны кабыл алды
Бүгүн, 15-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев БУУ Борбордук Азия үчүн Адам укугу боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын убактылуу аймактык өкүлү Элизабет да Коштаны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Элизабет да Коштага Кыргыз Республикасындагы ички саясый абал тууралуу маалымдап, өлкө туруктуу өнүгүүнүн, парламенттик демократияны чыңдоонун жана саясый реформаны кеңейтүүнүн жолуна ишенимдүү кадам таштагандыгын белгиледи.
Ал Башкармалыкка Кыргызстандагы адам укугун коргоо жаатындагы көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, Универсалдык мезгилдик обзор процедурасы боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи Улуттук баяндамасын даярдоо боюнча ведомство аралык иштиктүү топтун ишмердүүлүгү туурасында айтып берди.
Абдырахман Маматалиев Кыргызстан сотторунун адам укугу жаатындагы эксперттик билимин тереңдетүүгө багытталган Жогорку комиссар башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп жаткан долбоорлордун ишке ашырылышына кызыкдар экендигин билдирди.
Мындан тышкары, вице-премьер-министр адам укугу боюнча эл аралык мыйзамдар, адам укугун коргоо боюнча эл аралык механизмдер тууралуу маалымат алмашуу, ошондой эле адам укугу боюнча негизги жана процессуалдык юридикалык нормаларды пайдалануу маселелери боюнча юриспруденцияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатындагы кызматташууга көмөк көрсөтүүлөргө оңдуу караарын билдирди.
Өз кезегинде Элизабет да Кошта Абдырахман Маматалиевге жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда БУУ Тынчтыкты куруу фондунун колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Укук үстөмдүгү жана адам укугун коргоону чыңдоо аркылуу тынчтык жана ынтымакка жетүү” жана “Көп кырдуулуктагы биримдик” долбоорлору тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал Аймактык бөлүмдүн кайрадан дайындалган Адам укугу боюнча кеңешчисин, долбоорлор менеджери Беатрис Ференцини тааныштырды.
Жолугушуунун соңунда вице-премьер-министр Адам укугу боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын долбоорлору жана программалары мындан ары карай да Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө көмөк берээрине ишенимин билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү