15

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев АКШ Мамкатчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюмду кабыл алды

Бүгүн, 14-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев АКШ Мамкатчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюмду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана АКШнын коопсуздук, укук коргоо органдарын реформалоо, эл аралык терроризм жана адамдарды сатууга каршы күрөш жүргүзүү жаатындагы келечектеги кызматташуу маселесин талкуулады.

Вице-премьер-министр Д.Розенблюмду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалоо менен катар эки өлкө ортосундагы кызматташуу өнүгө бере тургандыгына ишеним билдирди.

Өз кезегинде Д.Розенблюм Кыргызстанга АКШга эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жаатында көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирип, жаңы кызматта мамилелерди жандандырууга колдон келген аракетин жумшаарын билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү