13
Апрель
2015
Республиканын ЕЭС кошулуу алкагында кыргыз мамлекеттик чекара тилкесин техникалык жана инженердик жабдуу боюнча көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өттү
Бүгүн, 13-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев КР Финансы министрлигинин, Мамлекеттик чекара кызматынын жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелеринин жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чекара кызматынын жана Россия Федерациясынын тийиштүү маморганы ортосундагы республиканын ЕЭС кошулуу алкагындагы кыргыз мамлекеттик чекара тилкесин техникалык жана инженердик жабдуу боюнча көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.
Финансы министрлиги жана мамлекеттик Чекара кызматы вице-премьер-министрге аталган долбоор боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.
Анда белгиленгендей, Келишим долбоору Кыргыз Республикасынын Мамлекетик Чекара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте даярдалып, Россия Федерациясынын тийиштүү мамлекеттик ведомстволоруна макулдашуу процедураларынан өткөрүү үчүн жөнөтүлгөн.
Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык бирликке кошулуусу боюнча Жол картасында пландаштырылган бардык иш-чаралар өз мөөнөтүндө аткарылышы тийиш.
“Келишим долбоорун иштеп чыгууну үстүбүздөгү жылдын 15-апрелине дейре жыйынтыктоо зарыл, өлкөнүн БЭС иш жүзүндө кирүүсүнө дейре, башкача айтканда, үстүбүздөгү жылдын 9-майына дейре Келишим бардык тийиштүү ички мамлекеттик процедуралардан өтүүсү керек, тактап айтканда, аталган долбоор Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринде макулдашуу процедураларынан өтүүсү тийиш” — деп белгиледи Абдырахман Маматалиев.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык союзга кошулуусу боюнча Жол картасында пландаштырылган иш-чаралардын өз мөөнөтүндө аткарылуусу үчүн келишим долбоорун иштеп чыгууну тездетүү чечими кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү