02
Апрель
2015
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик жашыруун маалыматтарды коргоо боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү
Бүгүн, 2-апрелде, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында Мамлекеттик жашыруун маалыматтарды коргоо боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү.
Жыйын мамлекеттик күч блок орган жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин 2014-жыл үчүн мамлекеттик жашыруун маалыматтарды коргоо боюнча маалыматы угулуп, ошондой эле Координациялык кеңештин 2015-жылга карата Иш планы сунушталды.
Өткөрүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча МУКК маалыматын эске алуу, мамлекеттик жашыруун маалыматтарды коргоону камсыздоо боюнча чаралар жыйындысын кароо, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жашыруун режимдин тийиштүү аткарылышын камсыздай албаган маморган жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо жөнүндө чечим кабыл алынган.
Ошондой эле кеңештин жыйынтыгы боюнча Координациялык кеңештин 2015-жылга карата Иш планы бекитилген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү