27
Февраль
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: «Чүй облусунда 2014-жылы ар-бир үчүнчү кылмыш ачылбаган бойдон калган»
Бүгүн, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун күч жана укук коргоо түзүм жетекчилеринин Координациялык кеңешмесинин ишине катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Координациялык кеңешме мүчөлөрүнүн көңүлүн кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгына бурду.
“Чүй облусунда жыл жыйынтыгы боюнча катталган кылмыштын саны 2,7% өскөндүгү байкалууда. Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны - 13,7%, анын ичинде оор кылмыштын саны - 5,6%, топтошкон кылмыштуулук - 20,4%, мас абалындагы кылмыштуулук - 54%, ал эми баңгизатка байланыштуу орун алган кылмыштуулук 6 эсеге көбөйгөн. Мындан тышкары, жеке жакка каршы катталган кылмыштардын саны 23,5% жогорулаган», — деди ал.
Абдырахман Маматалиев белгилегендей, жалпысынан республика боюнча кылмыштарды ачуу көрсөткүчү 71% ден 75% жогорулагандыгына карабастан, бул жааттагы Чүй облустук ички иштер органдарынын иши жетишсиз деңгээлде калууда.
«2014-жылы дээрлик ар-бир үчүнчү кылмыш ачыкталган эмес, облустук ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды ачуунун жалпы көрсөткүчү 69,4% түзгөн. Мындан тышкары, облус аймагында орун алган уурдоолордун дээрлик жарымы (43,4%) жана мал уурдоочулук (41,9%) ачыкталбай калууда. Жарандар тарабынан мал уурдоочулуктун күчөшүнө нааразычылык туулууда. Көбүнчө кылмышкерлер аз камсыздалган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жалгыз карманган мал жандыктарын уурдоого барууда. Көрсөтүлгөн сандар кылмыштуулуктун алдын алууда жана ага каршы күрөшүүдө тийиштүү иштер аткарылбай жаткандыгына күбө боло алат. Буга байланыштуу Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Чүй облустук ички иштер органдарынын ишинин жыйынтыгына көңүл буруп, тийиштүү жыйынтыктарга келүүсү тийиш», – деди вице-премьер-министр.
Абдырахман Маматалиев кеңешменин жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулук жана балдарга карата катаал мамиле фактыларына кайрылып, ал коомдо кеңири талкууну жана коопсуздукка карата болгон кооптонууну жараткандыгын белгиледи.
“Чүй облусунда жашы жете элек жактарга карата жасалган кылмыштардын саны өсүүдө. Быйылкы жылы облустун аймагында кеңири коомдук талкууга түшкөн 8 кылмыш иши катталган. Балдарга карата зомбулук фактыларынын алдын алуу максатында башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бир катар иш-чаралар жыйындысын кабыл алуу зарыл. 2014-жылы облуста жашы жете электер иши боюнча инспекторлордун саны 41 штаттык бирдикке жогорулагандыгына байланыштуу балдарга карата зомбулукка каршы күрөш жакшыртылат деген ишенимдемин», — деп билдирди вице-премьер-министр.
Абдырахман Маматалиев Финансылык полициянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу билдиргендей, кызматтык жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү күчтөндүрүү зарыл.
“Оңдуу өзгөрүүлөргө карабастан, экономикалык мүнөздөгү кылмыштардын алдын алуу жана ачыктоо жаатында ишти жандандыруу керек, ошондой эле республика аймагынан тышкары күйүүчү-майлоочу материалдарды жана башка товарларды мыйзамсыз алып чыгуу каналдарын ачыктоо жана анын алдын алуу, ага жол бербөө боюнча тийиштүү жана алгылыктуу чараларды кабыл алуу зарыл», — деди ал.
Өз сөзүнүн соңунда Абдырахман Маматалиев белгилегендей, Өкмөт тараптан укук коргоо органдарынын натыйжалуу ишин камсыздоо боюнча шарттарды түзүүдө бардык чаралар көрүлүүдө
«Республика жарандары алардын укугун жана эркиндигин, коомдогу коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча сиздерге жүктөлгөн милдеттин натыйжалуу аткарылышына ишеним билдиришет. Муну эске алуу менен өзгөчө көңүлдү кылмыш жана укук бузуулардын алдын алууга буруу аркылуу өз милдеттериңиздерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл», — деп билдирди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү