30

Март

2015

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Нарын облусуна иш сапары менен жөнөп кетти

Бүгүн, 30-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Нарын облусуна иш сапары менен жөнөп кетти. Иш сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр бир катар күч блок обьектилеринин иши менен таанышып, ошондой эле “Дин таануу” темасындагы симпозиумдун ишине катышат. Иш сапардын соңунда вице-премьер-министр Нарын облусунун ички иштер органдары менен биргеликте диний экстремизмге жана терроризмге каршы туруу жана өлкөдөгү коомдук-саясый абал маселеси боюнча Укук коргоо органдарынын координациялык кеңешин өткөрөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү