19
Январь
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Адам укугу боюнча II улуттук баяндаманы сунуштоо үчүн Женева шаарына учуп кетти
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астындагы делегация Кыргыз Республикасынын Адам укугу боюнча II улуттук баяндамасын сунуштоо үчүн Универсалдык мезгилдик обзорлорду кароо боюнча Адам укугу боюнча комиссиясынын иштиктүү тобунун 21-сессиясынын ишине катышуу үчүн Женева шаарына учуп кетти.
Белгилесек, баяндаманы коргоо үстүбүздөгү жылдын 19-январында өтүп, аны менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев тааныштырат. Негизги көңүл 2010-жылкы биринчи обзордон кийинки мезгил аралыгындагы Кыргызстан тараптан адам укугун коргоо жаатындагы жетишилген прогресске бурулат. Андан соң делегациянын ар бир мүчөсү эл аралык коомчулукка өз көзөмөлдөгөн багыттары боюнча адам укугу жаатындагы абалды жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү