20
Ноябрь
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик бажы кызмат төрагасынын Иш-аракет, милдеттенмелеринин аткарылышы тууралуу отчетун укту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик бажы кызмат төрагасы Адамкул Жунусовду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызмат жетекчиси КР Өкмөтүнүн 2014-жылга карата Программасынын максат, милдеттерине жетишүү боюнча Иш-аракет планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.
Тактап айтканда, бажылык башкарууну жөнөкөйлөштүрүү максатында “Кыргыз Республикасындагы бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору иштелип чыккан, анда товарларды жана транспорттук каражаттарды бажыдан жеңилдетилген эрежелер боюнча чыгаруу боюнча маселе аныкталып, ошондой эле бажы процедураларын өтүүдө тобокелдик тутумун нормативдик чыңдоо боюнча маселелер аныкталган.
Бажылык тариздөө процессин тездетүү жана жылып жүрүүчү товарларды жана транспорттук каражаттарды көзөмөлдөөнү кыскартуу үчүн 2015-жылдын бюджет долбооруна 102 млн сом каражаты салынган жана «Бишкек -1» станциясындагы операциялык залдын капиталдык курулушу пландаштырылган.
Аянты 240 чарчы м келген «Аламүдүн» операциялык залы курулган. Аталган долбоор “Экспорттук көзөмөл жана чекаралардын коопсуздугу” программасынын алкагында Кыргызстандыгы АКШ элчилиги тарабынан ишке ашырылган.
Учурда «Кыргызтемиржолу» Улуттук компаниясы” мамишканасы менен биргеликте «Карасуу» станциясында опрациялык залдын курулушун уюштуруу боюнча иштер өткөрүлүүдө.
Транспорттук каражаттардын көлөмүн жана башка өлчөмүн ченөө жана өлчөө үчүн төлөмдөрдү төлөөнүн ыңгайлуулугун камсыздоо максатында “Бажы көзөмөлү жүргүзүлгөн аймактарда төлөм терминалдарын орнотуу жөнүндө” буйрук чыгарылган. Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча терминалдарды Эркечтам, Кызыл-Бел, Кайрагач жана Чоң-Капка өткөрүү пункттарында орнотула баштайт. Көлөмдүү салмак көзөмөлдөөчү башка өткөрүү пункттары боюнча да келишим долбоорлору иштелип чыгууда.
Мамлекеттик бажы кызмат жетекчисинин отчетун угуп болгон соң, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 2015-жылдын планына ишке ашырылчу конкреттүү милдеттерди киргизүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү