19

Август

2020

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова КЭРден келген гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасына катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардамды өткөрүп берүү иш-чарасына катышты.


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кытай тарапка көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди


«Бүгүн достук мамиледеги Кытай Эл Республикасынан кезектеги гуманитардык жардам келип отуратБир аз убакыт мурда пандемия учурунда республикага Кытай Эл Республикасынан медициналык кызматкерлердин тобу келип, кыргыз кесиптештерине чоң консультациялык көмөк көрсөтүп кетишкенБелгилей кетсем, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча республиканын бардык региондорунда ооруканалар курулуп, имараттар оңдолууда, анда медициналык мекемелер жайгаштырылат. Алынгын жардамдар аталган жаңы ооруканаларды жабдууга багытталмакчы», - деп белгиледи вице-премьер-министр.


Белгилесек, гуманитардык жүк медициналык жабдуулардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан турат