18
Июль
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Улуттук кардиология жана терапия борборуна барды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна барды.
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев вице-премьер-министрди клиниканын түзүмү жана жабдылышы, стационардык кычкылтек станциясы, бейтаптар үчүн орундар жана лабораториялык-диагностикалык бөлүмү менен тааныштырды.
Учурда мында коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптар үчүн 90 орун бөлүнгөн, анын 12си – реанимациялык койко-орундар.
Сапардын жүрүшүндө кошумча орундарды түзүп чыгуу жана анын жалпы санын – 250гө, ал эми реанимациядагы орундарды 45 дейре жогорулатуу чечими кабыл алынды. Медициналык кызматкерлердин саны 480 адамды түзөт. Медициналык кызматкерлер үчүн обсервация катары «Семетей» мейманканасы каралууда.