18
Июль
Аида Исмаилова медициналык кызматкерлер үчүн эс алууну жана санаториялык-курорттук дарыланууну уюштуруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ооруканаларда коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү үчүн «кызыл зонада» вахталык ыкма менен иш алып барган медициналык кызматкерлер үчүн эс алууну жана санаториялык-курорттук дарыланууну уюштуруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Саламаттык сактоо министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жана Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү катышты.
Кеңешменини жыйынтыгы боюнча медициналык кызматкерлердин тизмесин жана алардын санаторияларга баруу графигин түзүү, ошондой эле аларды транспорт менен камсыздоо чечими кабыл алынды.