06

Июль

2020

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова калкка амбулатордук деңгээлде көмөк көрсөтүү маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Бишкек шаарындагы Октябрь, Ленин жана Биринчи Май райондорундагы күндүзгү стационарларды барып көрдү жана жеринде калкка амбулатордук деңгээлде көмөк көрсөтүү маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү.


Вице-премьер-министр медициналык кызматкерлер жана бейтаптар менен күндүзгү стационарлардын ишин талкуулап, медициналык көмөк көрсөтүү ишинин уюштурулушу, ошондой эле тез жардам көрсөтүүдөгү кадрлардын, медициналык каражаттардын, дары-дармектердин жетишсиздиги жана медициналык таштандыларды утилизациялоо жаатындагы көйгөйлөр менен таанышты.


Белгилесек, күндүзгү стационарларга жарандар дарыгерлердин кеп-кеңешин алуу жана белгиленген медициналык дарылоону ийне саюу түрүндө алуу максатында кайрыла алат.


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин уюштурууну тездетүү жана күндүзгү стационарларда орун алган көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасын берди.