27
Июль
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Россия Федерациясынан келген гуманитардык жүктү кабыл алуу иш-чарасына катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко Россия Федерациясынан келген гуманитардык жүктү кабыл алуу иш-чарасына катышты.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова россиялык тарапка үзгүлтүкүсүз көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
«Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Президенттери ортосундагы жетишилген макулдашуулар алкагында, россиялык тараптан гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы жеткирилди. Бул биздин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык, стратегиялык жана союздук мамилелердин далили болуп саналат. Бүгүнкү гуманитардык жардам абдан зарыл эсептелген медициналык жабдуулардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан турат, алар өлкөнүн медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет. Учурдагы татаал эпидемиялык кырдаалда биздин дарыгерлер өз өмүрүн коопсуздукка салуу менен мекендештерибиздин өмүрлөрүн баатырларча сактап калууда. Ушул каармандарыбыздын катарында россиялык дарыгерлердин тургандыгы бизди өгөчө кубандырат», - деп белгиледи вице-премьер-министр.
Өз кезегинде Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчи Николай Удовиченко белгилегендей, алынып келинген медициналык гуманитардык жардам биринчи кезекте оор абалдагы бейтаптарды дарылоого багытталган.
«Биргелешкен күч-аракет аркылуу коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо абалын жакшырта алаарыбызга ишеним билдирем. Жөнөтүлгөн гуманитардык жардам – бул түзүлгөн кырдаалда ыктыярдуу түрдө жасалган табигый кадам болуп саналат. Көрсөтүлгөн жардамыбыз керекке жарап берет деген ишеничтемин», - деди Николай Удовиченко.
Белгилесек, гуманитардык жардам медициналык жабдуулардан, дары-дармек каражаттарынан жана жеке коргонуу каражаттарынан турат. Мындан тышкары, өткөн жумада өлкөгө Россия Федерациясынан дарыгерлерден жана медициналык кызматкерлерден турган чоң топ келген.
Россиялык адистер өлкө аймактарында жайгашкан медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөн жана учурда алар кыргызстандык кесиптештерине көмөк көрсөтүүдө.