23

Октябрь

2020

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барды

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барды.

«Учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында эпидкырдаал оор, күндөн-күнгө коронавирус жуктургандардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу абалды жеринен көрөйүн деп келдим», - деп белгиледи Аида Исмаилова.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова     Ош облусунун жугуштуу оорулардын ооруканасындагы коронавирус инфекциясына чалдыгып, бейтаптар дарыланып жаткан  кызыл аймакта түзүлгөн шарттарды көрдү.

Ошондой эле Аида Исмаилова жеке коргонуучу каражаттардын жана дары-дармектердин запасын текшерди.     

Вице-премьер-министр жооптуу кызматкерлер менен биргеликте курулуп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасын карап чыгып, медицина кызматкерлери менен жолугушуп, орун алган кемчиликтерди, көйгөйлөрдү, ошондой эле ишти жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Саламаттык сактоо тутумун каржылоо маселесин Республикалык ыкчам штабдын күн тартибине киргизүү чечими кабыл алынды.

Вице-премьер-министр   Кара-Суу районундагы Нариман аймактык ооруканасынын Баш-Булак айылындагы коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн жугуштуу оорулар ооруканасы катары иштеп жаткан филиалына дагы барды.

Аида Исмаилова Жалал-Абад облусунда  курулуп жаткан реабилитациялык борборго барганда, аны тез арада ишке киргизүү жолдорун издөөнү жана каржылоо маселелерин чечүүнү тапшырды. Эскерте кетсек, Сузак районундагы аймактык оорукананын 40 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу башталган. Вице-премьер-министр курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды.  

Covid-19 оорусу менен ооругандарды дарылоо үчүн Базар-Коргон районунда 63-лицейдин базасында кошумча орундарды түзүү чечими кабыл алынды. Имараттын жылуулук тутумун оңдоого 2,5 миллион сом талап кылынат.

Вице-премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен аймактардагы ооруканаларды адистер менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.  Ошондой эле

Коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана дарылоо боюнча көрсөткүчү төмөн болгон ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын, аймактык координатордун жана медициналык мекемелердин жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги баса белгиленди. Мобилдик топтор дагы жогорку сапаттагы диагностиканы жана эпидемиянын андан ары жайылышынын алдын алууну камсыз кылышы керектиги айтылды.