17

Октябрь

2020

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавирустук инфекцияга каршы туруу боюнча иштин жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын катышуусунда облустардагы саламаттык сактоо боюнча координаторлор жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери менен онлайн кеңешме өттү. 

Кеңешменин жүрүшүндө коронавирустук инфекция боюнча облустардагы абал талкууланды. Координаторлор республикадагы COVID-19 илдети боюнча жалпы абал, жеке коргонуучу жана дары-дармек каражаттары менен камсыздоо тууралуу маалымат бериштиОш облусунда, Баткен облусунда жана Бишкек шаарында, ошондой эле медициналык кызматкерлердин арасында да ооруну жуктуруп алуу учуру өсүп жаткандыгы белгиленүүдөКеңешменин жүрүшүндө эпидемияга каршы чараларды сактабастан, адамдардын массалык түрдө чогулуусу орун алып жаткандыгы айтылды, өз кезегинде COVID-19 илдетин жуктуруп алуу кооптуулугу күч алып, анын жыйынтыгы эки жумалык инкубациялык мезгилде билиниши мүмкүн


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендейбардык жетекчилер жеке коргонуу каражаттарынын, меджабдуулардын, дары-дармек каражаттарынын жетиштүү камсыздалышы тууралуу маалымат беришүүдө, бирок түшүп жаткан маалыматтарга ылайык, айрым мүчүлүштүктөр орун алууда


«Штабдын жыйынында бардыгы жетиштүү деген маалыматты берип, учурда башка маалыматты берип жатасыздар. Туура эмес маалыматты берип жаткан жактар жоопкерчиликке тартылатБейтаптарды дарылоо маселесине тыкыр мамиле кылууну өтүнөм, себеби, вирустан каза болгондордун саны жогорулоодоМедициналык кызматкерлердин арасында ооруну жугузуп алуу учуру көбөйүүдөМен инфекциялык көзөмөл боюнча ишти күчтөндүрүүнү талап кыламЭгерде жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү өлчөмдө болсо, ал эми окутуу онлайн режимде жана адистердин жер-жерлерге чыгуусу менен жүргүзүлүп жатса, медиктер эмне себептен ооруну жуктуруп алууда?» - деп белгиледи Аида Исмаилова.