25
Июнь
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова волонтердук кыймылды координациялоо механизмин түзүү боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова өлкөдөгү волонтердук кыймылды координациялоонун бирдиктүү механизмин түзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге волонтердук кыймылдын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери катышты.
«COVID-19 пандемиясынын биринчи толкуну учурунда волонтердук кыймылдар жарандарга гуманитардык көмөк көрсөтүүдө олуттуу роль ойноду. Буга катар республикада волонтердук кыймылдын бирдиктүү координациясы жок. Бүгүн биз волонтердук кыймылдын ордун жана ролун, аталган кыймыл үчүн мыйзамдык базаны түзүүнүн максаттуулугун талкуулоону пландаштыруудабыз. Өлкөдө орун алган эпидемиологиялык абалга байланыштуу волонтерлордун көмөгү зарыл», - деди Аида Исмаилова.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлү Бермет Усубалиева Кыргыз Республикасында Волонтердук кыймылды өнүктүрүү концепциясынын долбоорун сунуштады. «Бүгүнкү күнгө дейре биз мамлекеттик органдар менен биргеликте ар кыл багыттагы волонтерлорду окутуу жана даярдоо иши менен алектенип келдик. Алардын арасында өз тажрыйбаларын пайдаланып, мамлекеттик масштабдагы бир катар иш-чараларга катышкандары да бар», - деди ал.
Жолугушуунун соңунда волонтердук кыймылды активдештирүү маселесин талкуулоо боюнча кеңири форматтагы жолугушууну уюштуруу чечими кабыл алынды. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин муктаждыгына жараша саламаттык сактоо тутумундагы кызматкерлерге колдон келген көмөгүн көрсөтө алуучу волонтерлордун тизмеси сунушталмакчы.