24
Октябрь
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУ Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман менен жолугушту
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбор Азия боюнча превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушуу өткөрдү.
Аида Исмаилова БУУга социалдык блокто ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан демилгелер жана программалар үчүн ыраазычылык билдирди. Вице-премьер-министр COVID-19 коронавирустук инфекцияга жана аны кесепеттерине каршы күрөшүү бобюнча фонддун көмөгүн белгиледи. Ошондой эле гендердик саясат жана аялдарды саясий ишмердүүлүктө колдоо боюнча маселелер талкууланды.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргыз Республикасын COVID-19 коронавирустук инфекциясынан эмдөөнү камсыздоо боюнча ДСУ COVAX программасына киргизүү тууралуу сунушун кийриди.
Жыйынтыгында Аида Исмаилова БУУ Баш катчысы Антониу Гутерришке, ошондой эле БУУ Баш катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Германга кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.